Жалал-Абадда сел жүрүп, 45 үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Саат 23:00гө алынган маалымат боюнча Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен, 45 үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды. Учурда аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты.
Мындан сырткары, Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдорду, сел өтүүчү каналдарды, короо-жайларды тазаланууда.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...
Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...
Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне...