Жалал-Абадда соцтармак баракчасы аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды

Жалал-Абад милициясы диний экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

20-апрель күнү Жалал-Абад ШИИБге шаар аймагында жаран интернет тармагында аккаунту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

22-27-май күндөрү ѳткѳрүлүп жаткан “Экстремист” операциясы учурунда жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган. Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.