Жалал-Абад облустук милициясы сойкулук менен алектенген делген 26 жаштагы кызды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милиция тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Притон» операциясы учурунда Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде интернет аркылуу сойкулук менен алектенип жүргөн кыз тууралуу маалымат алынган. Бул окуя Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1997-жылы туулган кыз сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталып, тергөө кызматына камсыз кылынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кызыл-Кыя шаарын да текшерсенер болот, экс губернатордун Азия мейманканасын сойкулар бар шаардык милициякананын айланасы толтура сойкулар милициялар менен иштешет.