Мындан эки күн мурда ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычынан аялдын жансыз денеси табылганын билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, маркум мурда изделип жаткан 25 жаштагы кыз болчу. Ал 6-январдан бери дайынсыз болуп жаткан.
Буга чейин милиция маалымат таратып, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган кыз 6-январь күнү саат 8:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.