Жалал-Абадда «сүйлөшөлү» деген кошунасына чыккан жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуянын чоо-жайы

Сузак милициясы адам өлтүрүүгө аракет кылган жаранды чек арадан кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 14-март күнү саат 20:00 чамасында 47 жаштагы кошунасын “Сүйлөшүп алалы” деп көчөгө чакырып, пикир келишпестиктен улам кошунасынын денесине бир нече жолу учтуу нерсе менен сайып, окуя болгон жерден кетип калган. Натыйжада кошунасы денесинен оор жаракат алып, Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын тургуну 1982-жылы туулган тургуну Ош облусунун аймагынын коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакта калтыруу бөгөт чарасы тандалып алынган.