Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
19-февраль күнү той учурунда жүрүп бара жаткан БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгаргандыгы боюнча видео тараган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну экендиги такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, БМВ үлгүсүндөгү унаанын үстүнөн өзүнө таандык Сайга МК-01 ок атуучу куралынан асманга 10 ок чыгаргандыгы белгилүү болгон. Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.