Жалал-Абадда топ балдар мушташып, 22 жаштагы жигит көз жумду

иллюстрация

Жалал-Абадда 22 жаштагы жигит киши колдуу болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 6-февраль түнкү саат 01:40 чамасында милицияга чалуу болуп, Базар-Коргон аймактык ооруканасына 20-25 жаштардагы бала көкүрөгүнө учтуу нерсе менен сайылып, денесинен жараат алып, жансыз абалда алып келингендигин билдиришкен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгышып, кароо жүргүзүлүп, керектүү материалдар чогултулган. Алдын ала териштирүү учурунда, 5-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, алардын арасында жүргөн Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургунун белгисиз адам учтуу нерсе менен көкүрөк тарабына сайып алгандыгы жана ал алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Каза болгон баланын аты-жөнү аныкталып, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Ноокен районунун 2005-жылы туулган тургуну кармалып, 6-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.