Жалал-Абадда түн ортосунда кен казып жаткан жарандар кармалды

Мыйзамсыз кен казып уурдап жатышкан жарандар милициянын кылтагына илинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-майга караган түнү Ала-Бука районунун аймагындагы “Фулл Голд Майнинг” алтын кен казуучу фирмасы иш жүргүзгөн жерде Чаткал районунун 6 тургуну алтын аралашмасы бар руда казып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалал-Абад шаардык Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан алардын кен казып жаткан жери аныкталып, жанынан рюкзакка салынган салмагы 5-6 килограмм болгон көк түстөгү майда таштар жана перфоратор алынган. Кен казып жаткан жарандарды кармоо учурунда бирөөсү кармалып, калганы айыл аралап качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, уурулукка шектүү делген жарандар Чаткал районунун тургундары экени жана жашаган даректери такталып, тергөөгө камсыздоо үчүн ыкчам-иликтөө, издөө иштери башталган. Кылмышка шектелип, жалпы 6 жаран кармалып камакка алынды. Тергөө уланууда.