Жалал-Абад шаарында той кортежинин бир унаасынын жүргүнчүсү унаанын үстүнөн тулку боюн чыгарып, учуп бара жаткандай түр көрсөтүп, авто ээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кармап, унаасын айып короо жайына токтотуп, айдоочуга карата 15 миң сом айып салышты.
Эми бул айдоочу экинчи ирет кайталап ээнбаштык жасаса, мыйзамга ылайык унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram