SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти

Жалал-Абаддагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти
"Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты. Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовдун билдиришинче, уулангандардын саны 40ка жетти. Алардын арасынан 28 бейтап ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда. 27-июнь күнү "Ага-Ини" тез татым даярдалуучу тамактануучу жайда алгач 19 адам ууланган. Андан кийин уулангандардын саны 35ке чейин жетип, аталган тамактануучу жайга санитардык норманы сактабагандыгы үчүн 7500 сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.
SEREP MEDIA