Жалал-Абаддагы кафеде официанттын денесине залал келтирген жаран Ташиевдин тууганыбы? УКМКнын жообу

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары ушул жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен адамдардын УКМКнын төрагасынын тууганы экенин жазып чыгышкан. УКМК бул тууралуу комментарий берди.

Аталган жаңжалды уюштурган адам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы эмес жана ага эч кандай тиешеси жок.

«Ырасталбаган мындай түрдөгү маалыматтар аркылуу УКМКнын төрагасынын атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында болууда. УКМК төрагасы жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды. Атайын кызматтын аркасына жашырынып жана Каvчыбек Ташиев менен туугандык байланышта болуу боюнча жалган иш аракеттерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет», — деп айтылат маалыматта.