12-июнда Жалал-Абад облусунда үрөй учурган жол кырсык катталган. Кечээ, 13-июнда кырсыктан каза болгондордун саны 7 киши, жаракат алгандардын саны 2 киши деп айтылган. Айрым маркумдардын аты-жөнү тактала элек болчу. Бүгүн, 14-июнда Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кырсыктан каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалымат беришти. Анда жол кырсыктан 6 адамдын каза болгондугу, эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги ырасталды.
«12-июнда саат 06:30 чамасында Ноокен районунун Ууру-Жар айылы аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун 100-чакырымында 1995-жылы туулган Базар-Коргон районунун Кара-Ой айылынын тургуну өзүнүн Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасын Бишкек шаарынан Ош багытын көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы багытта бара жаткан 1965-жылы туулган Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургунунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц-1324 үлгүсүндөгу автоунаасы менен кагышкан.
Натыйжада Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө, ушул эле унаанын жүргүнчүсү 1987-жылы туулган Өзбекстандын Күчай айылынын тургуну аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми ушул эле унаада жүргүнчү болуп бара жатышкан Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Рустам көчөсүнүн тургундары туулган жылы тактала элек эркек киши, анын 1999-жьлы туулган уулу, Базар-Коргондун Колот участогунун 1969-жылы туулган тургуну, анын 2002-жылы туулган уулу, 1994-жылы туулган Сузак районунун Калмак Кырчын айылынын тургуну жана 1997-жылы туулган Сузак районунун тургуну жеринде каза болгон», — деп айтылат маалыматта.












