Ишкер Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюу фактысы менен УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеминин басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
Анын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштеген Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алганы аныкталган.
Чогултулган далилдердин негизинде, 3-мартта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.