Убактылуу жашап туруу үчүн берилген үйдүн жылытуучу батареяларын, курулуш материалдарын чыгарып сатып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
«8-июнь күнү Ош ШИИБиге 1981-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызда 27-апрель күнү Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасында орун алган өзүнүн үйүнө убактылуу жашап туруу үчүн жарандарды киргизгенин, ал жарандар үйүндө убактылуу жашап жүргөн кезде үйдүн ичиндеги 4 даана, ар биринде 15тен кабыргасы бар жылытуучу батареяларын, 60 миң сомдук курулуш материалдарын сатып, буюмдарын алып, үйдөн чыгып кеткендигин, жалпысынан 120 миң сом зыян тарткандыгын билдирген. Аталган окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.