Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, УКМК Бишкек шаарынын мэринин орун басары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Тактап айтканда Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган, тагыраагы болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
Мындан улам, 2025-жылдын 16-июлунда топтолгон материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары жана дагы бир жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 миллион 979 миң 889 сом өлчөмүндөгү зыяндар аныкталган.
Ырсалиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.











