«Жандандыруу бөлүмгө жаткырылган». Кара-Көлдө 39 жаштагы киши 4-кабаттан кулап кеткен

Кечээ, 22-август күнү саат 23:00 чамасында Кара-Көл шаарынын 1983-жылы туулган тургуну өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы балконунан кулап кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Кесепетинен денесинен жарат алып, шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя Кара-Көл ШИИБге кокустук болуп катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.