Бишкекте 22 жаштагы жигит энесин өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Андагы маалыматтарга караганда, окуя Бишкектеги Манас менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон. Коңшулар үйдөн чыккан жытты сезип, милиция чакыртышкан. Милиция жуунучу бөлмөдөн бычакталган аялдын жансыз денесин тапкан. Ошол учурда 22 жаштагы уулу анын бутун кайнатып жатканы да айтылды.
«Уулу кылмышты жашыруу үчүн жансыз денени бөлүктөргө бөлүп алып чыкмак. Жансыз дене жуунучу бөлмөдө 10 күндөй жаткан. Шектүү психикалык жактан жабыркашы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.
Биринчи Май райондук милициядан аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгонун, шектүү катары аялдын 22 жаштагы уулу кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынганын билдирди. Тергөө уланууда.












