«Жансыз денесин ата-энелери тапкан». Өзгөндө 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кетти

Өзгөн районунда 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр Кемпир-Абад суу сактагычына сууга түшкөнү барып, чөгүп кетишкен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Милицияга 2-май күнү саат 15:00 чамасында Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын 14 жана 15 жаштагы Кемпир-Абад суу сактагычында сууга чөгүп каза болгондугу боюнча маалымат саат 22:45 чамасында түшкөн. Аталган факты каттоого алынган. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2-май күнү саат 14:00 чамасында айыл тургундары: 2008-жылы төрөлгөн А.К., 2007-жылы төрөлгөн Д.М., 2007-жылы төрөлгөн У.Ш. жана 2008-жылы төрөлгөн С.Б. ошол эле айылдын түндүк тарабындагы Кемпир-Абад суу сактагычына барышкан. 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр башка жерине түшүү үчүн кетип калышкан. Алардын артынан барган башка өспүрүмдөр таппай калышкан. Алардын кийимдерин суунун жээгинен табышып, саат 16:00 чамасында ата-энелерине кабар беришкен. Саат 22:30 чамасында суунун ичинен жергиликтүү тургундар жана ата-энелери тарабынан 2 өспүрүмдүн жансыз денелери табылган.

Маркумдардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертизасынын ички изилдөөсүн өткөрүүгө маркумдун жакындары каршы болушкандыктарына байланыштуу, жана арыз даттануудан баш тартышкандыктан жеринде тиешелүү протоколдор түзүлүп, ички-изилдөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Маркумдардын жансыз денесине Өзгөн районунун Куршаб жалпы дарыгердик практика борборунун травмотолог дарыгеринин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүү учурунда денесинде эч кандай жараат жок болуп, дем алуу жолдорунун суу менен тосулушунан каза болушкандыктары такталган.