"Жаракаттары көп". Түркияда кулаган тик учакта аман калган кыргыз жаранынын абалы айтылды
Түркиядагы тик учакта каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөнү такталды.
Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалымааты боюнча, консулдук кызматкер кырсыктан жабыркаган Кыргыз жараны Э.И. менен ооруканада жолугушкан. Жабырлануучунун абалы туруктуу, көптөгөн жаракаттары бар.
Ошол эле учурда издөө иш-чараларынын натыйжасында, О.О. аттуу Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Учурда каза болгон экинчи жаранды издөө иштери жүрүп жатат.
16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/tyrkiyada-tik-uchak-kulap-eki-kyrgyz-jarany-izdelyydo/">түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан. Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/tyrkiyada-izdelip-jatkan-2-kyrgyz-jaranynyn-jansyz-denesi-tabyldy-dep-maalymdaldy/">жазган.