Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 5 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөртүлгөн, анда көрсөтүлгөн пробациялык көзөмөл алып салынган.
- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 11-ноябрындагы өкүмүнө ылайык, жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып ал 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, ага карата 3 жыл мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалган болчу.