Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалганын Биринчи Май РИИБден бүгүн, 1-июлда билдиришти.

Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Адилет Али Мыктыбек тергөө кызматына жеткирилип, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.