Жарандык активист Атай Бейшенбек Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасы каралып, 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Ал журналисттерге Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөсү эместигин билдирди. «22-октябрда жыйынга катышкан эмесмин. Мен ал комитеттин мүчөсү дагы эмесмин. Ал топ менен байланышкан дагы эмесмин. Тескерисинче Равшан Жээнбековдон комитетке кимдер киргенин сурагам. Ал жакында ачыкталарын айткан», — деди ал.