Активист Атай Бейшенбек жарандык милдет боюнча соттун чечимин аткарбаганы үчүн кармалган. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 20-апрелде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө сот аткаруучудан Бейшенбектен мамлекеттик ишканалардын биринин пайдасына 200 миң сом жана мурда төлөнгөн 12 миң 904 сом мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча материал келип түшкөн. Милиция билдиргендей, 2021-жылдын 21-декабрында активистке соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу боюнча сунуш жөнөтүлгөн. «Бирок жаран ыктыярдуу түрдө аткаруу документинин талабын аткарган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренеси (сот өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) менен катталды. Кечээ, 16-майда активист тергөө үчүн Ленин РИИБге жеткирилген. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин ал келем деген убада менен бошотулду.











