Жарандык активист, «Не сахар» долбоору менен коомчулукка белгилүү болгон Эрулан Көкүлов Нарын ОИИБге күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыртылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА агенттигине Эрулан Көкүлов өзү тастыктады.
Анын айтымында, анын «Не сахар» долбооруна «Топ ночь» компаниясынан арыз түшкөн. Буга байланыштуу ал 5-апрель күнү саат 14:30да Нарынга барып көрсөтмө бериши керек.
Ошол эле учурда социалдык түйүндөрдүн биринде жарандар ага колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышат.