Жарандык активист Эрулан Көкүлов Нарын ОИИБге көрсөтмө берүүгө чакырылды

Жарандык активист, «Не сахар» долбоору менен коомчулукка белгилүү болгон Эрулан Көкүлов Нарын ОИИБге күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыртылды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА агенттигине Эрулан Көкүлов өзү тастыктады.

Анын айтымында, анын «Не сахар» долбооруна «Топ ночь» компаниясынан арыз түшкөн. Буга  байланыштуу  ал 5-апрель күнү саат 14:30да Нарынга барып көрсөтмө бериши керек.

Ошол эле учурда социалдык түйүндөрдүн биринде жарандар ага колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышат.

«Келе жаткан биринчи күнү тактап айтканда, 5-апрель күнү элдин эртеңин ойлоп, жалпыбыздын саламаттыгыбызга кам көрүп жүргөн Эрулан Көкүлов Нарын облустук ИИБге чакыртылып жатат. Себебин баарыбыз билебиз. Кайдыгер карабай, элден чыккан эл уулуна тирек, дем болуп берели. Бардыгыңыздарды белгиленген күнү мекеменин алдынан күтөбүз»,- деген жазуу таркатылып жатат.