Жарандык активист Максат Касенов эмне үчүн кармалганын айтты

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, ал жерде камалган жарандык активист Максат Касенов менен жолугушту.

Касенов сүйлөшүү учурунда ал мындан төрт жыл мурда орун алган окуя боюнча кармалганын айткан. “Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган болчу, ушул учурга чейин эч ким арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Эмне себептен төрт жыл мурдагы ишти кайра козгоп жатышканы түшүнүксүз. Мүмкүн бул саясий ишмердигим жана парламенттик шайлоого катышуу ниетимден улам болушу мүмкүн», — деди ал.

1-октябрда социалдык тармактарда жарандык активист Максат Касеновдун достору аны белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу айтып чыгышкан. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип, анын адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатканын билдирген.