Жарандык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Жарандык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Ал өткөн жылдын январь айында пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин ага карата «алдамчылык» беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон.