Жарандык активист Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү кыскартылды
Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго карата өкүмдү өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
«Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата жаза дайындалган эмес. Жарандык активист 6 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды», - деп айтылат соттун билдирүүсүндө.
Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jarandyk-aktivist-melis-aspekov-7-jylga-erkinen-ajyratyldy/"> ажыратылган.