Жарандык активист Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү кыскартылды

Бишкек шаардык соту жарандык активист Мелис Аспековго карата өкүмдү өзгөрттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата жаза дайындалган эмес. Жарандык активист 6 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Мелис Аспеков мурда алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.