Кечээ, 5-май күнү саат 19:30 чамасында милициянын «102» кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1994-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес.












