«Жарнамалык тактайды сүзгөн». Бишкекте катталган үрөй учурган жол кырсык боюнча милиция маалымат берди

Бүгүн, 22-январда Бишкекте катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган. Окуя боюнча милициядан маалымат беришти.

Саат 23:20 чамасында КИА үлгүсүндөгү унаа Токомбаев көчөсүнөн катуу ылдамдык менен күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, Пудовкин көчөсүнөн өткөндөн кийин унааны башкара албай, жарнамалык тактайдын темирин сүзүп, унаа экиге бөлүнүп калган.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки жүргүнчүсү окуя катталган жерден көз жумуп, экөө ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.