«Жарыкты өчүрүп, эшикке чыкканда сабап». Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелгендер кармалды

Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

28-майга караган түнү Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде түнкү саат 01:00дө каракчылык жасалган. Белгисиз адамдар Түркиядан келген 57 жаштагы ишкердин жашаган үйүнө кирип барышкан. Кылмышкерлер күч колдонуп, ишкерди таяк менен сабашкан, андан кийин 60 миң сомдон ашык акча жана башка баалуу буюмдарды ээлеп алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер дарбазадан секирип кирип, андан кийин короодогу электр жарыгын өчүрүшкөн. Ошол учурда жабырлануучу короого чыкканда, ага кол салышкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-пунктунун 3-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин негизинде карактап кол салган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кеңири масштабдуу ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү. Маалым болгондой, бул кылмышка мурда соттолгон адамдар катышкан.

6-июнь күнү жүргүзүлгөн иштин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери эки шектүү жаранды кармашкан. Алар Ош облусунун Ноокат районунда 1999-жылы туулган эки жигит болгон. Тергөө уланууда.