Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну Т.М. тарабынан ири өлчөмдө, тагыраагы 100 доллар номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Буга байланыштуу 8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан 19 миң 800 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча табылган. Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
25-июнда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш Республикасынын...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө УКМКнын төрагасы менен жана мурдагы башкы прокурору менен байланышым бар деген шылтоо менен...
30-июнда Бишкек шаарында Тез жардам кызматына "баланын ичи ооруп жатат" деп чалышып, педиатриялык бригада айтылган дарекке барган. Дарыгерлер бейтапты көргөн...
Бүгүн, 1-июлда саат 14:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 57-чакырымында Хундай-Грандиор үлгүсүндөгү унаасы батыштан чыгышка бара жаткан учурда ошол эле...