Жасалма акча сатууга аракет кылган шектүү кармалды. Жанынан 20 миңдей доллар табылган

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну Т.М. тарабынан ири өлчөмдө, тагыраагы 100 доллар номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Буга байланыштуу 8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Т.М. жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан 19 миң 800 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча табылган. Учурда кармалган жаран 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.