Жасалма диплом чуусу. УКМК текшерүү иштери боюнча дагы маалымат берди

Кечээ, 5-апрелде УКМК мамлекет башчысынын тапшырмасынын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантып жатканы тууралуу маалымат таратты. Буга чейин 14-мартта УКМК текшерүү иштери тууралуу алгачкы маалыматын жарыялаган.
Жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен текшерүүнүн материалдары боюнча: Жогорку Кеңештин 3 депутаты, Жогорку Кеңештин 2 экс-депутаты, Жогорку Кеңештин депутаттыгына 9 талапкер, 1 министр, Шаардык кеңештин 3 депутаты, 1 судья, 1 мурдагы судья, Эсеп палатасынын 2 кызматкери, прокуратуранын 1 кызматкери, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, УКМК Чек ара кызматынын 2 кызматкери, Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери, Бажы кызматынын 1 кызматкери, Салык кызматынын 6 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери, Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери, Транспорт министрлигинен 2 кызматкер, Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер, ДИМКдан 1 кызматкер, саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер, билим берүү тармагында 40 кызматкер, мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер, Социалдык фонддун 3 кызматкери, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери, Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери, банк тутумунан 2 кызматкер, 2 адвокат, 1 массалык маалымат каражаттарынын кызматкери, 6 муниципалдык кызматтын кызматкери, 2 дин өкүлдөрү, 1 президенттин облустагы өкүлү, президенттин облустагы өкүлүнүн 1 орун басары, президенттин облустагы өкүлүнүн аппаратынын 2 кызматкери, 2 мэр, 1 экс-мэр, 2 вице-мэр, 1 шаардык кеӊештин кызматкери, мэриянын 8 кызматкери, РМАнын 1 жетекчиси, РМАнын 1 орун басары, 8 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл өкмөт башчысынын орун басары, 18 айыл аймагынын кызматкери, 9 айылдык кеӊештин депутаты, башка (кызмат) персонал мекемелерден — 1.