Жасалма паспорт колдонууга шектелип кармалган Саркарбаевдин жакындары мамлекетке 1 миллион сом которушту

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаевдин жакындары мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен 1 миллион сом которушту. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, Саркарбаевдин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүмдүк кылып алгандыгы аныкталган. Тагыраагы спорттук машыгууларды өткөрүү, облустан тышкаркы сынактарга катышуу, бир жолку төлөмдөр, форма сатып алуу жана башка ушул сыяктуу иштерге деп акчаны сол чөнтөккө салган.

Саркарбаев 16-декабрда кылмышты жашыруу же анын жасалышына көмөктөшүү максатында документтерди жасалмалоо боюнча шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле анын “Женго” каймана аты менен таанылган кримавторитет Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталганы маалымдалган болчу. Ош шаардык соту Кылычбек Саркарбаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган эле. 23-декабрда Кылычбек Саркарбаев Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган. Ал эми 16-январда үй камагына чыгарылган болчу.