Жалал-Абадда 43 жаштагы жаран өзүнүн жанын кыйды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 13-июнь күнү саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына Кудук-Сай айылынын 1979-жылы туулган тургунунун жансыз денеси туугандары тарабынан жеткирилген. Аталган факты боюнча маалымат Таш-Көмүр ШИИБге катталып, тергөө-ыкчам тобу ооруканага барып, маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда, сол тарабындагы кабыргасында жана баш мээсинин сол тарабында жаракаттары аныкталып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анда маркумдун жаракат алган баш мээсинен коргошундан болгон ок атуучу куралдын огуна окшош ак түстөгү металлдан жасалган зат алынган.
Териштирүү учурунда маркум 25-майда эс алуу үчүн жайлоого кеткендиги, кайра 5-6-июнь күндөрү аялы менен байланышып, баласын жанында жүрүү үчүн жайлоого чакыртып алгандыгы, 10-11-июнь күндөрү жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жүрөгү сыгылып, жашоодон тажап, өзүн-өзү асып же атып алууну көздөп жаткандыгы, ал эми 12-июнь күнү каза болгон жарандын досу телефон аркылуу чалып, өзүн-өзү ок атуучу куралы менен атып алып каза болгонун айткандыгы такталган. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.