Буга чейин SEREPTV каналына «Жашы жете элек баласына маршрутка айдатып койгон» деген видео жарыяланган. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.
Маалыматка караганда, видеодогу унаанын айдоочусу аныкталып, ага 15 миң сом айып пул салынган.
«Бишкек шаарынын тургуну 38 жаштагы айдоочу өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын 15 жаштагы уулуна айдатып койгон видео жарыяланган. Учурда унаа атайын айып короого токтотулуп, өспүрүмдүн атасына карата унааны жашы жете элек баласына ишенип бергендиги үчүн, укук бузуу протоколу толтурулуп 15 миң сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.