Жашыруун камераны байкабай аялды зордуктоого аракет кылган. Орусияда Өзбек жараны кылмышка шектелүүдө

Москва шаарынын тургуну журналисттер аркылуу карызын өндүрүп алам деп карыздар адамды үйүнө чакырган. Карыз болгон адам акчаны бербей зордуктоого киришкен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

39 жаштагы аял Өзбек жараны менен таанышып, мамиле куруп жүргөн. Кийинчерээк ал мекенине кетип, ал жактан жашоо-тиричилигине жетпей жатат деп 1 миллион рубль кредитке алып берүүсүн өтүнгөн. Аял ага ишенип, кредит алып, үстүнө акчасын кошуп 1 миллион 300 миң рубль которгон. Кийинчерээк ал Өзбекстандан келгени менен карызын кайтарып берген эмес. Карызын өндүрө албаган жабырлануучу социалдык тармакка окуясын жазып коомчулукка таратып жиберген. Маалымат орусиялык телеканалдардын биринин журналисттерине жетип, алар жабырлануучуга карыздарды үйүнө чакырып, карыз тууралуу сөз кылуусун, анын баары жашыруун коюлган камерага жазыларын айтышкан. Аял макул болуп аны чакырганда ал келип, карызы жөнүндө сөз козгобой аялды зордуктоого киришкен. Тартуучу топ жетип келип, кылмыштын алдын алууга үлгүргөн.

Учурда жабырлануучу жаранга карата арыз жазып, полиция кызматына кайрылган.