Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупция фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«УКМК коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3,5 миң доллар жана 59 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.
Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынганэ Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Таалайбек Нуралиев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.