Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Женго» кайманаты аты менен белигилүү, өлкөнүн түштүк аймагын көзөмөлдөгөн Кадыр Досонов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук соттун чечими менен (Женго) Кадыр Досонов 2021-жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.
Эскерте кетсек, кечээ 11-февралда УКМК тарабынан Кадыр Досонов (Женго) бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар делип кармалган. Буга чейин ага 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, издөө жарыяланган болчу.
Ошондой эле аталган кримтөбөл 2017-жылы Оштогу милиция Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип, кармалган. Бирок былтыр кайра эркиндикке чыккан эле.