«Женгого» таандык болгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды

Эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар Кадыр Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан баңгизат каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч активдүү мүчөсү эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп кармалды. 21-майда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган. 21-майда УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 килограмм 980 граммды түзгөн табылган. Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.