Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө иштери кандай жүрүп жатат? Видео

Жеңиш чокусун багындырууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет. 4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20, -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана кыйла татаал.

Маалыматка ылайык жогорудагы 4 альпинисттин үчөө Орусиянын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны.

Жеңиш чокусунда альпинисттердин тобу дайынсыз жоголгон. Маалыматка караганда, алар 19-июлдан 20-июлга караган түнү байланышка чыкпай калышкан. Топтун курамына Дмитрий менен Светлана Павленко жана дагы 2 адам болгон.