Жер титирөө Бишкекте 3,5 баллга чейин сезилди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-март күнү саат 12:22де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Бишкек шаарында 3,5 баллга (Казакстандын Алматы шаарынан 40 чакырым түштүккө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүккө) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.