Жер титирөөдөн улам дүрбөлөңгө түшкөн эл. Видеолор топтому
23-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Жер титирөө Казакстанда да сезилген. ӨКМ маалымат таратып, 23-январь күнү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогундагы күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kytaida-kychy-8-ballga-jetken-jer-titiroo-kattaldy-olkodo-kancha-ballga-cheiin-sezildi/"> билдирди.
Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн улам Кыргызстанда кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес. Ал эми Алматыда 2-3-кабаттан секирген жана сыртка чыга качып жатканда жаракат алган 8 адам катталган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/ychoo-terezeden-sekirgen-tyndogy-jer-titiroodo-almatyda-8-adam-jarakat-aldy/">катталган.