«Жерди которуп берем деп 224 миң доллар алган». Шектүү кармалды

Өскөн-Ордо жаңы конушунан жерди которуп берем деп ишенимге кирип 224 миң доллар алып качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБисинен билдиришти.

2019-жылы Өскөн-Ордо жаңы конушунан 5,15 гектар жерди трансформациялап берем деп ишенимине кирип, 224 миң доллар акчасын алып кеткенин айткан жаран 2022-жылы 27-майда арыз менен кайрылган. Аталган факты алдамчылык беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында 1962-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.