Жети-Өгүздөгү «Кумтөр» кени да текшерилип жатат

Жети-Өгүз районунда «Кумтөр» кенинде текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги «Кумтөр» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө иштерин УКМК жана ИИМ кызматкерлеринин арасынан ведомстволор аралык тергөө тобу жүргүзүп жатканы айтылган. 

Кайсы берене боюнча иш козголгону тууралуу маалымат жок. Кендин иши токтотулган жок, бирок укук коргоо кызматкерлери жеринде.