23-июнда саат 23:57 чамасында Бишкек шаарынын тургуну Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кыз уурдалганын айтып чыккан. Ошол эле күнү милициядан териштирүү иштери жүрүп баштаганын билдиришкен.
Бүгүн, 5-июлда Бишкек ШИИБден аталган факты Биринчи Май РИИБге каттоого алынганын билдиришти. Териштирүүдө Субару үлгүсүндөгү 600дөн ашуун унаа текшерилген. Жүздөгөн видео байкоолор каралган, күбөлөр суралган. Натыйжада 2000-жылы туулган жигит менен 2001-жылы туулган кыз милициянын Тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Көрсөтмө берүү учурунда, кыз жумушунунан кийин жигитине жолукканын, Эркиндик бульварына барышканын, ал жерден урушуп кеткенин айткан. Алар бул окуя коомчулукка чыгып кеткенинен коркуп, убакыт өтсө унутулуп калат деп ойлоп, милицияга барышпаганын айткан. Учурда териштирүү уланып жатат.










