Жыл башынан тартып, автобус, маршрут өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталып, 450 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алып, тилеке каршы 31 жаран көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда. Ал эми ЖКККББгы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларга карата жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн, 4692 Укук бузуу протоколдору түзүлүп, 377 айдоочу кызматынан четтетилген.
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды
Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...











