Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду

№30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.
Видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери көрүнөт.

 4-декабрда Акбөкөн Таштанбековдун аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен, кылмыш иши козголгон.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн. Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.